Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 11:05
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Жалал-Абадда почта кызматкери пенсия, жөлөк пулдун акчасын кымырган деп кармалды

20.09.2024 12:04
475
Жалал-Абадда почта кызматкери пенсия, жөлөк пулдун акчасын кымырган деп кармалды


"Кыргыз почтасынын" Жалал-Абад облусундагы байланыш бөлүмүнүн жетекчиси акча каражаттарын системалуу түрдө ыйгарып алгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.


Маалыматка ылайык, шектүү алыскы райондордун тургундарына пенсия, жөлөк пул жана эмгек акысына деген акчаны коротуп салган.


"Кыргыз почтасы" ишканасынын Таштак байланыш бөлүмүнүн башчысы Э.Э.К. Сузак районунун тургуну И.С.Б. менен тил табышып, ишенип берилген 10,7 миллион сомду ыйгарып алып, короткон", — деп айтылат маалыматта.


Шектүүлөр кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кошумчаланды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн