Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 05:19
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Жалал-Абадда "Таке" каймана аттуу жигит бирөөнүн 29 баш коюн коркутуп тартып алган

14.05.2022 10:28
434
Жалал-Абадда "Таке" каймана аттуу жигит бирөөнүн 29 баш коюн коркутуп тартып алган

Жалал-Абад облустук милиция, опузалап коркутуп 29 баш коюн тоноп алган шектүүнү кармады. Бул тууралуу облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 25-июль күнү Сузак районунун Орто-Азия айылынын тургуну С.Ж. арыз менен кайрылып, Сузак районунун Благовещенка айылында жайгашкан мал базарында өзүнө сырттан тааныш болгон "Таке" аттуу бала эч бир себепсиз ачык айкын коркутуп жалпысы 29 баш козу кочкорлорун коркутуп тартып алып, 300 миң сомдук материалдык зыян келтирилгенин билдирген.


Бул арыз боюнча топтолгон материалдар КБРге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин ("Тоноо") негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.


Тергөө кызматы тарабынан берилген тергөө тапшырмасынын алкагында иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, "Таке" аттуу жаран кылмыштуу чөйрөнүн активдүү мүчөсү 1994-жылы туулган Сузак районунун тургуну А.Т.С. экендиги жана анын жашаган дареги такталган.


Тергөөгө келбей изин жашырып жүргөн А.Т. Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана ИИМдин 7-Башкы башкармалыгынын кызматкерлери биргеликте жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Ош шаарынын аймагында жашынып жүргөн жеринен кармалып, үстүбүздөгү жылы 12-майда Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.


Учурда анын баш коргоо чарасын кароо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн