Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 10:08
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Жалал-Абадда рецептсиз күчтүү таасир этүүчү дарыларды саткан дарыканалар аныкталды

18.11.2022 15:04
580
Жалал-Абадда рецептсиз күчтүү таасир этүүчү дарыларды саткан дарыканалар аныкталды



Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек каражаттары жана медициналык жабдуулар департаментинин түштүк филиалынын өкүлдөрү менен бирдикте дарыгердин рецепти боюнча дары-дармек каражаттарын (баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын компоненттери менен) сатуунун мыйзамдуулугу боюнча Жалал-Абад шаарындагы дарыканаларга рейд жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди рецептсиз саткан дарыканалар тармагын аныкташты. 


ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, “Текшерүү сатып алуунун” (контрольная закупка) жүрүшүндө дары-дармекти рецептсиз эле сатып алууга мүмкүн болгондугу тастыкталган.

Мындан тышкары, ыкчам кызматкерлер баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын компоненттери бар бардык дары-дармек каражаттарын аныкталып алынган.


Алынган заттардын жалпы салмагы: 1.170 мл. жана 350 капсуланы түздү.


Дарыкана пункттарынын сатуучуларына карата жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылды.


Кыргыз Республикасынын ИИМнин БМЖКККнын бүт республика боюнча мындай түрдөгү иш-чараларды системалуу түрдө өткөрүп турат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн