Жалал-Абад шаарында кечки саат 20:00дөн кийин иштеген 11 ишкананын таза суусу менен, электр энергиясы өчүрүлдү. Бул тууралуу аталган шаардын муниципиалдык ишканасынан билдиришти.
“Жалал-Абад шаарында кафе-ресторандарга, тез татым жайларына рейд жүрдү. Кечки саат 20:00дөн кийин иштеп жаткан 11 жайдын суу, электр энергиясын өчүрүү боюнча тийиштүү тармактарга тапшырма берилди. Рейд уланат”, - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн