Бугу 02, 2024
Убакыт: 03:29
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Жалал-Абадда сасык тумоо күч алгандыгына байланыштуу вице-мэр облустук оорукананы текшерди

12.12.2022 09:44
528
Жалал-Абадда сасык тумоо күч алгандыгына байланыштуу вице-мэр облустук оорукананы текшерди

Сасык тумоо күч алганына байланыштуу Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова тийиштүү тармактын жетекчилери менен биргеликте облустук клиникалык оорукананын жугуштуу оорулар жана ымыркайлар бөлүмүнүн бейтаптарынан кабар алды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.


Дарыгерлер бейтаптар көп санда келип жаткандыктан үч нөөмөт менен иштеп жаткандарын белгилешти.


Гүлбарчын Таштанбекова жергиликтүү бийлик жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү, өз учурунда медициналык жардам алуусун камсыздоо максатында шаарда жайгашкан 9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана 3 ФАП күчөтүлгөн таптипте иштеп жатканын белгилеп, азырынча кошумча күндүзгү стационар ачуунун зарылчылыгы жок экенин кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн