Бугу 19, 2024
Убакыт: 11:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жалал-Абадда селди алдын алуу иштери жүрүп жатат

01.04.2020 14:13
875
Жалал-Абадда селди алдын алуу иштери жүрүп жатат

 

Жалал-Абад облусунда кооптуу болуп аныкталган объектерде атайын алдын алуу жумуштары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Таш-Көмүр шаарынын Теңдик аймактык башкармалыгынын Кош-Терек айылындагы жана Суранкулов көчөсүндөгү сел өтүүчү сайларды тазалоо жумуштары аткарылып жатат. Аткарылган жумуштардын натыйжасында 961 турак жай, 2 мектеп, 727 га аянт чарчы жери селден корголору кабарланды.


Ошондой эле, ӨКМ тарабынан 2020-жылга атайын түзүлгөн мерчемдин негизинде 76 объект бекитилген. Анын ичинен 20 объектиде жумуш жүргүзүлүп, 18инде жумуш аяктап, 2 объектиде жумуш улантылып жатканы айтылат.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн