Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 10:04
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Жалал-Абадда шайлоого даярдыктар тууралуу маселелер талкууланды

25.11.2020 18:13
601
Жалал-Абадда шайлоого даярдыктар тууралуу маселелер талкууланды

2021-жылдын 10-январында өтүүчү президенттик шайлоо өнөктүгүнө карата Жалал-Абад облусундагы даярдыктар боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлады.


Ага Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Максат Мамытканов, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышты.


Жыйында район-шаарлардын башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүнө алдыдагы коомдук-саясий процесске карата бардык зарыл шарттар түзүлүүсү керектиги айтылды. 


Вице-премьер-министр Максат Мамытканов, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо участкаларындагы материалдык-техникалык базаны чыңдоо, жылуулук менен камсыздоого көңүл буруп, эпидемиялогиялык абалды эске алуу менен бардык санитардык талаптардын сакталышы да маанилүүлүгүн айтты. Ага кошумча шайлоо комиссияларынын коопсуздугун камсыздап, добуш сатып алуулардын алдын алуу керектигин билдирди. Тургундардын буга чейинки нааразычылыгы, өлкөдөгү саясий абал дал ушул себептерден жаралганын билдирип, элге ыңгайлуу жана ачык шайлоо өнөктүгүн камсыздоого чакырды. 


Ал эми БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында Жалал-Абад облусунда шайлоочулардын саны өткөн парламенттик шайлоого салыштырмалуу 24 миңге көбөйүп,15 миңден ашууну мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бар. Шайлоо тилкелериндеги алардын добуш берүү укугун камсыздап, шарт түзүү керектин айтты. Бул жол форма №2 толтуруу жоюлганын, андыктан жарандар участкалык даректерин тактап, медицина, аскер бөлүктөрүнүн кызматкерлери, убактылуу кармоочу жайдын жана күзөт тартибинде иштеген жарандардын добуш берүү мүмкүнчүлүгү каралганын билдирди. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн