Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:50
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Өзүн интернет жана соцтармак аркылуу жарнамалаган. Жалал-Абадда сойкулук менен алектенген жаш кыз аныкталды

11.02.2022 17:00
773
Өзүн интернет жана соцтармак аркылуу жарнамалаган. Жалал-Абадда сойкулук менен алектенген жаш кыз аныкталды

Жалал-Абадда интернет жана социалдык тармактар аркылуу жарнама кылып, сойкулук менен алектенгендер аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


 Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө шаар аймагында “А” аттуу жаран сойкулук менен алектенип, ыплас аракеттерге көмөктөшүп, сутенердук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруп жатат деген маалымат келип түшкөн.


          Бул факты боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.


            Катталган кылмыш иши боюнча Жалал-Абад ШИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын (ЭММКАК) кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин натыйжасында интернет жана социалдык тармактар аркылуу жарнама кылып сойкулук менен алектенип жүргөн кыздар аныкталган.


          Алар Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин батирин ижарага алып, иштеп жүрүшкөндүгү белгилүү болгон. Ал жайга тинтүү жүргүзүлүп, Чүй облусунун 2001-ж.т. тургуну, көп жылдан бери өзүн транс катары алып жүргөн К.М. жана Ысык-Көл облусунун тургуну 2002-ж.т. Ж.Н. сойкулук менен иштеп жаткандыгы аныкталган. Тинтүү учурунда контролдук сатып алууда берилген 2 даана 1000 сомдук акча каражаты жана 1 коробка презерватив далил буюм катары алынган.

       

 Учурда бул факты боюнча толук кандуу, объективдүү чара көрүү боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн