Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 11:53
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Жалал-Абадда талапкер добуш сатып алууга аракет кылганы аныкталды

09.04.2021 15:59
1188
Жалал-Абадда талапкер добуш сатып алууга аракет кылганы аныкталды

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкердин биринин добуштарды сатып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети  билдирди.


Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 22-мартында УКМКнын Жалал-Абад областтык башкармалыгына Жалал-Абад шаардык кеңешине ат салышып жаткан партиялардын биринин агитаторлору тарабынан шайлоочуларга пара берүү фактылары жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, Жалал-Абад шаарынын тургундары М.З.А., И.М.Т. жана К.Г.К. аркылуу тамак-аш азыктарын таркатуу жолу менен шайлоочуларга пара берүүнү уюштурууга Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер К.С.А. аттуу жарандын катыштыгы бар экендиги жөнүндө маалыматтар тастыкталган.

2021-жылдын 26-мартында аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүмү ("Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу") кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

2021-жылдын 8-апрелинде УКМК өткөрүлгөн жыйындын жыйынтыгында партияга расмий түрдө эскертүү берүү чечилип, Жалал-Абад шаардык шайлоо комиссиясына билдирилген.

Тергөө жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
КСА жк ЛПР дебей толук еое баланчаев деп мына суроту деп корсотсо болбойбу?Кукланы атагансып