Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 21:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жалал-Абадда талаптарды аткарбаган ишканалардын ишин токтотуу жөнүндө комиссияга 58 сунуш жөнөтүлдү (фото)

17.07.2020 11:17
1061
Жалал-Абадда талаптарды аткарбаган ишканалардын ишин токтотуу жөнүндө комиссияга 58 сунуш жөнөтүлдү (фото)


Коронавирус илдети өлкөдө алгачкы катталган учурдан тартып азыркы мезгилге чейин Жалал-Абад облусунун аймагында жалпы 29199 адам үй карантинине алынган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.


Анын ичинен 28003 атуул үй карантининен чыгарылып, 1196 адам үй шартында дарылануусун улантууда. Алардын сыртка чыгып кетүүсүнүн алдын алуу үчүн милициянын участкалык инспекторлору үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу менен биргеликте көзөмөлгө алууда.


Санитардык норманын сакталышы боюнча облус аймагында тиешелүү кызматтар менен бирге жалпы 238 мамлекеттик мекемелер текшерилди. Коомдук коопсуздук кызматы тарабынан КРнын Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренесин (Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу) бузбоо боюнча эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, үй карантинге алынган адамдарга 16815 талап баракчалары кол койдурулуп берилди.


Тиешелүү кызматтар менен бирге облус аймагында жайгашкан 1970 жеке ишканалар, соода түйүндөрү, базарлар текшерилди. Текшерүүнүн жыйынтыгында тийиштүү талаптарды аткарбагандарга протоколдор толтурулуп, 77500 сом өлчөмүндө айып пулдар салынды. Иштөө режимин токтотуу жөнүндө 58 жолу комиссияларга сунуштар жөнөтүлдү.

            

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн