Өзгөчө абалга байланыштуу Жалал-Абадда милиция күндүзү дагы күчтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендаттын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын аймагында коронавирус илдетинин алдын алуу жана жарандардын негизсиз көчөдө жүрүүлөрүнө чектөө коюу максатында рейддер жүргүзүлүүдө. Шаар аймагында жүргөн автоунаалар да текшерилип, тиешелүү документтери жок унаалар айып аянтчасына жеткирилип жатат.
Ошондой эле, шаар тургундарына оорукана, дарыканага жана азык-түлүк дүкөндөргө гана барууга мүмкүн экендиги, зарыл жумушу болбосо сыртка чыкпоо керек экени түшүндүрүлүп жатканы кабарланат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн