Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:41
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жалал-Абадда тез татымдан уулангандардын саны 88ге жетти

04.07.2022 17:04
632
Жалал-Абадда тез татымдан уулангандардын саны 88ге жетти


Жалал-Абадда тез тамактан уулангандардын саны көбөйдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти.


Маалыматка караганда, «Ага-Ини» жана «Таж-Махал» коомдук тамактануу жайларынан 88 адам ууланган. Алардын 34ү ооруканада дарыланууда. Шаарда да рейд уюштурулуп, 50 тез тамактануучу жай жабылды. 10 тез тамактануучу жайга 48 миң сом айып салынды. Текшерүү уланууда.


Буга чейин Жалал-Абадда массалык уулануу катталганы маалымдалган. Бардык бейтаптар Таж-Махал фаст-фуд тамактануучу жайынан сатып алынган тамак-аштан ууланышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн