Бугу 15, 2024
Убакыт: 06:36
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жалал-Абадда тоноо менен алектенген топ кармалды

21.08.2020 19:54
980
Жалал-Абадда тоноо менен алектенген топ кармалды


Жалал-Абад шаардык криминалдык милиция кызматы тоноо менен алектенген топту кармашты. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, 16-август күнү саат 04:30 чамасында Жалал-Абад ШИИБдин 102 телефонуна Ноокен районунун 24 жаштагы тургунунан кайрылуу түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча 16-август күнү саат 04:15 чамасында Ноокен районунан келишкен 4 жаран Жалал-Абад шаарынын четиндеги көчөлөрдүн биринде эс алып олтурушкан. Ошол кезде бей тааныш азият улутундагы болжол менен жашы 25-30 чамадагы 3-4 балдар келишип, бычак менен коркутушуп, акыркы үлгүдөгү телефондорун тартып алышкан. Келтирилген материалдык чыгым 60 миңден ашык сомду түзгөн.


Жогоруда аталган кылмыш окуясы боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине ЖКнын 201-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту  (Тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, шектүүлөрдү аныктап, тергөөгө камсыз кылуу боюнча оперативдик кызматтарга атайын тергөө тапшырмасы берилген.


Жалал-Абад ШИИБдин криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү жарандар кармалышты.


Шектүүлөрдүн өздүктөрү аныкталып, алар Сузак районун тургундары 1995-жылы туулган Т. Б., 1998-жылы туулган Х.Н., 1997-жылы туулган Ш.М. жана Жалал-Абад шаарынын 1997-жылы туулган Р.Э. аттуу тургуну болуп чыгышты.


Алардын жасаган кылмыш иштери далилденип, далил буюм зат катары бир даана бычак жана 4 даана кол телефондор алынган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында кармалган шектүү жарандар Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген.


Учурда алардын башка жасаган кылмыш иштерин аныктоо максатында тергөө-ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн