Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 15:01
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Жалал-Абадда тоо-кен ишканасынан опузалап акча талап кылган кылмыштуу топ кармалды

13.09.2024 14:48
636
Жалал-Абадда тоо-кен ишканасынан опузалап акча талап кылган кылмыштуу топ кармалды


Жалал-Абад облусунда тоо-кен ишканасынан 200 миң доллар талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн иши токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКнын Жалал-Абад облусундагы кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары КР жараны И.Н.А. 10 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап алуу учурунда кармалды.

Кармалган И.Н.А. аттуу жаран Ички иштер органынын мурдагы тергөөчүсү болуп, Чаткал районунун экс-акими Т.А. жана "Азаттыктын" мурдагы журналисти Н.А.К. менен биргеликте узак убакыт бою Чаткал районунун аймагындагы тоо-кен иштерине тартылган чет элдик инвесторлордон 200 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап, бул аймактагы инвесторлордун иштөөсүнө тоскоолдуктарды жаратабыз деп коркутуп келишкен.

Аталган адамдар үстүбүздөгү жылдын июль айында эки транш менен 60 миң доллар алып, калган сумманы опузалап алууну уланта беришкени аныкталган.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалоо) менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Тергөө иштери журүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн