Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда таштар кулап унаа жол жабылып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-апрель күнү саат 09:50лөр чамасында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 25-чакырымында көлөмү болжол менен 100м3 таш кулап, унаа жол жабылган. Ал эми саат 17:30да жол толугу менен тазаланган.
Маалыматка таянсак, таш кулоодон жабыркагандар жок. Коопсуздукту эске алуу менен жол кечки 20:00дөн эрте мененки саат 08:00 чейин убактылуу жабылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн