Бугу 03, 2024
Убакыт: 01:53
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Жалал-Абадда тойдо асманга ок чыгарган жаран милицияга алып келинди

20.02.2023 12:08
425
Жалал-Абадда тойдо асманга ок чыгарган жаран милицияга алып келинди

Жалал-Абадда той учурунда асманга ок аткан жаран милицияга алып келинди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Белгилүү болгондой, 2023-жылдын 19-февраль күнү той учурунда (ЗАГС) жүрүп бара жаткан “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаанын үстүнөн (люк) белгисиз жаран ок атуучу куралдан ок чыгыргандыгы боюнча видео социалдык тармактарга тараган.


Бул факты Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, териштирүү иштери башталган.


Жалал-Абад ШИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын (ЭММКАК) кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында ок аткан жаран Жалал-Абад шаарынын тургуну 1995-ж.т. М.А. экендиги ошол эле күнү такталып, саат 14:00 чамасында милиция бөлүмүнө алып келинген. Ал Сузак районунун Октябрь айылында тойдо жүрүп, “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаанын үстүнөн өзүнө таандык “Сайга МК-01” ок атуучу куралынан 10 даана асманга ок чыгаргандыгы белгилүү болгон.


Азыркы учурда ок атуучу куралга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, бул жорукка юридикалык баа берүү максатында текшерүү иштери жүрүп жатат. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн