Бугу 15, 2024
Убакыт: 11:24
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Жалал-Абадда улгайган адамдын кейпи менен кайырчылык кылган 20 жаштагы кыз аныкталды

17.08.2020 14:26
902
Жалал-Абадда улгайган адамдын кейпи менен кайырчылык кылган 20 жаштагы кыз аныкталды

 

Жалал-Абад шаарынын милициясы "Кайырчы" аталышындагы рейди өткөрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка таянсак, тилемчилик  кылып жүргөн кайырчылар коомго терс маанай жараткандыктан, жарандар арасында  нааразычылыктар күч алууда.

 

“Жогорудагыларды эске алуу менен  Жалал-Абад ШИИБнин кызматкерлери "Кайырчы" аталышындагы рейдин  уюштурушуп, кайырчылык менен алектенгендерди аныкташып, аларга түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүп келишет”, - деп айтылат маалыматта.


Шаардык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейдде    тилемчилик кылган 16 жаран аныкталып, алардын жетөөсү өспүрүмдөр болгон.


Ошондой эле рейд учурунда коомдук жайда, базар- түйүндөрдүн ичинде улгайган адамдын кейпине айланып кайырчылык кылган 20 жаштагы  аял киши  кармалган. Коомдук коопсуздукту сактоо багытында кайырчылардын өздүгүн аныкталып, жашаган жерлерине жөнөтүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн