Бугу 16, 2024
Убакыт: 10:55
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Жалал-Абадда үрөй учурган кылмыш. Төркүнүнө бара жаткан 30 жаштагы келинди өлтүрүп, камыштын арасына таштап кеткен жаран кармалды

27.12.2022 10:06
792
Жалал-Абадда үрөй учурган кылмыш. Төркүнүнө бара жаткан 30 жаштагы келинди өлтүрүп, камыштын арасына таштап кеткен жаран кармалды

Милиция Сузактагы адам өлтүрүү фактысына шектүү катары 23 жаштагы жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка караганда, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө 32 жаштагы район тургуну кайрылып, 2022-жылдын 23-декабрь күнү болжол менен саат 09:00 чамасында 30 жаштагы аялы “Төркүнүмө барып келемин” – деп үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.


Аталган факты Сузак РИИБдин МЭЖне катталып, дайынсыз болуп жаткан келинди табуу максатында тажрыйбалуу кызматкерлерден турган атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, издөө иштери башталган.


Сузак РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин натыйжасында, 2022-жылдын 25-декабрь күнү саат 12:00 чамаларында Сузак районунун Атабеков айыл аймагындагы камыштын арасынан агып өткөн суунун ичинен, дайынсыз болуп жаткан келиндин жансыз денеси табылган.

Окуя болгон жерге Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин тергөө-ыкчам тобу, РИИБдин өздүк курамы жана жетекчилиги барып, жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлүп, мойнунда аял кишинин жоолугу оролуп, чачтары жазылган абалда жаткандыгы такталган.


Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жүрүшүндө жансыз дененин моюн бөлүгүндө муунтулган изи бар экендиги, өлүмүнүн себеби дем ала албай, абанын жетишсиздигинен улам келип чыккандыгы аныкталган.


Аталган факты боюнча 2022-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.


ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кечиктирилгис түрдө жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун С.Атабеков айыл аймагынын тургуну 1999-ж.т. С.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө кылмыш ишти кандай жолдор менен жасагандыгы тууралуу айтып берген.


Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн