Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 21:52
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Жалал-Абадда уурулук менен алектенип жүргөн жаран кармалды

05.07.2021 15:45
733
Жалал-Абадда уурулук менен алектенип жүргөн жаран кармалды


Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 3 тургун арыз менен кайрылышкан. Алар 2021-жылдын 28-майынан 7-июнга чейинки аралыкта ишкана, стоматология жана мал сарайлардан акчалай каражаттарын, фотоаппарат, үй тиричилик жана курулуш техникаларын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендигин билдиришкен. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Жабырлануучулар жалпысынан 80 миң сомдон ашуун зыянга учурушкандыгын белгилешкен.


Бул фактылар Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.


"Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы окуяларга шектүү катары Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну 1982-ж.т. Х.Ж. кармалган. Анын баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, 2 айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда Х.Ж. башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу такталууда. Тергөө амалдары уланып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн