Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунан мал уурдап, этин Бишкекте сатып жаткан жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалым болгондой, 17-январь күнү Тогуз-Торо РИИБине Атай айыл аймагынын 1974-жылы туулган К.Ш. аттуу тургуну арыз менен кайрылган.
Ал 15-январга караган түнү мал сарайынан бир баш кара малын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 205-берене ("уурдоо") менен катталып, кылмыш иши козголгон.
"Кылмыштын бетин ачуу максатында Тогуз-Торо РИИБинин жана Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин ыкчам кызматкерлери тарабынан 17-январь күнү Бишкектеги "Ош базарында" уурдалган малдын этин сатып жүргөн жеринен Тогуз-Торо районунун 1995-жылы туулган тургуну М.Б. кармалды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө, шектүү 16-январда 26 жаштагы Ж.М. аттуу шериги менен биргеликте бир баш уйду уурдап, аны союп, этин мүшөктөргө салып, Бишкек шаарына алып кеткендиги такталып, далил буюмдар табылды. Тогуз-Торо районунда жактоочунун жоктугуна байланыштуу кармалган жарандар үй камагына алынды. Учурда алардын башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугун тактоо менен бирге тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн