Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жергиликтүү тургунду шаардын сыртына алып чыгып, 150 миң сом талап кылган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, шектүү У.А.М. 12-май күнү Базар-Коргон районунун тургунун талаага күч менен алып барып сабаган. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү андан 150 миң сом талап кылган.
Шектүү 15-май күнү акчанын бир бөлүгүн алып жатканда колго түшкөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн