Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:17
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жалал-Абадда жалган билдирүү тараткан адамга кылмыш иши козголду

23.03.2020 10:05
715
Жалал-Абадда жалган билдирүү тараткан адамга кылмыш иши козголду


Жалал-Абад облусунда жалган билдирүү тараткан адамга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, “WhatsApp” тиркемеси аркылуу Жалал-Абад облусунун аймагында коронавирус илдети боюнча абал курч экенин жана медициналык беткап, тиешелүү каражаттар жетишпегендиктен дарыгерлер жумуш ордуларын таштап кетип жаткандыгын, Сузак районундагы карантинге алынган аймактан бейтаптар качып кеткенин жана оорулуулардын саны көбөйүп кетээри тууралуу билдирүү жасаган.

 

Аталган факт 344-берене (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.


Кылмышка шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 1980-жылы туулган Ш. аттуу жараны кармалган, учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


ИИМ жарандарды жалган такталбаган маалыматтарды таратуудан алыс болуу керектигин эскертет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн