Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 11:30
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Жалал-Абадда жаңы муниципалдык базар ишке кирди

03.10.2022 12:13
862
Жалал-Абадда жаңы муниципалдык базар ишке кирди


Жалал-Абад шаарында жаңы муниципалдык базар ишке кирди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

“Эки жолу өрт чыккан Жалал-Абад шаарынын борбордук базары белгиленген өрт коопсуздук талаптарына жооп бербейт. Буга байланыштуу жергиликтүү бийлик шаардын борбордук базарын коопсуз жайга көчүрүү чечимин чыгарган. Кечээ муниципалдык базар пайдаланууга берилди”, - деп белгилешти муниципалитеттен.

Жаңы базардын аянты 3,5 гектар жерди ээлеп, ал жерде бардык шарттар түзүлгөн. Муниципалдык базарда миңге чукул соода жайлары, атайын унаа токтотуучу жайы бар.

Жаңы муниципалдык базардын курулушуна шаардык бюджеттен 25 млн сом бөлүнгөн. Бул базардын ачылышы менен жергиликтүү бюджетке кирешенин көбөйүшү күтүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн