Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 02:53
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Жалал-Абадда жөө жүргүнчүнү сүзүүгө жана зордуктоого аракет кылган айдоочу кармалды

26.02.2024 11:11
421
Жалал-Абадда жөө жүргүнчүнү сүзүүгө жана зордуктоого аракет кылган айдоочу кармалды


Жалал-Абадда жөө жүргүнчүнү сүзүүгө жана зордуктоого аракет кылган айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-февралда болжол менен саат 01:30 чамасында 1989-жылы туулган К.А. аттуу аялды белгисиз жарандар "үйүңө жеткиребиз" деп унаага салып кетишкен. Бирок, унаадан түшкөн учурда айымды айдоочу зордуктоого аракет кылган. Ошондой эле унаадан түшкөндөн кийин аны эки жолу сүзүп, андан ары кетип калышкан.

Бул окуядан кийин аял денесинен жаракат алып ооруканага кайрылып, андан ары айдоочуга тиешелүү чара көрүү үчүн арыз жазган.

Арыздын негизинде Жалал-Абал ШИИБ боюнча ЖКК бөлүмчөсүнүн издөө тобунун кызматкерлери табынан ыкчам издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, шектүү катары Суббару үлгүсүндөгү авто унаанын ээсин кармашкан.

"Азыркы учурда унаасы айып короо жайына токтотулуп, айдоочусу Тергөө кызматына жеткирилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн