Бугу 16, 2024
Убакыт: 10:02
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Жалал-Абадда жүк ташуучу унаа менен жолтандабас катышкан жол кырсыгынан эки киши каза болду

Жалал-Абадда жүк ташуучу унаа менен жолтандабас катышкан жол кырсыгынан эки киши каза болду


Жалал-Абадда жол кырсыгынан эки киши көз жумганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.


Каргаша Бишкек — Ош унаа жолунун 323-чакырымында катталган. Анда Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа менен жолтандабас кагышкан.


Кырсыктын кесепетинен жолтандабастын айдоочусу жана жүргүнчүсү көз жумган.

Окуя болгон жерге жети куткаруучу тартылды. Жаракат алгандарды Тез жардам кызматы алып кеткен. Учурда тактоо иштери уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн