Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 19:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жалал-Абадда жүргүнчүлөрдү бет кабы жок унаага салууга тыюу салынууда (фото)

03.07.2020 13:20
1234
Жалал-Абадда жүргүнчүлөрдү бет кабы жок унаага салууга тыюу салынууда (фото)


Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан шаар аймагында коронавирус илдетинин алдын алуу багытында иш пландары түзүлүп, анын алкагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


Жалал-Абад ШИИБнын басма сөз кызматы билдиргендей, милиция кызматкерлери автоунаалардагы санитардык эрежелердин сакталышын көзөмөлгө алышты. Коомдук транспорт жана такси айдоочуларына жарандарды унаага бет кабы жок салбоо керектиги эскертилди.

 

Өздөрү жеке гигиенаны сактоо менен антисептикалык каражаттарды колдонуп, унаа салонуна көп адам салбоо зарылдыгы эскертилди.

 

Ошондой эле кийим жана жашылча саткан базарлар, тигүү цехтери, ашканалар текшерүүгө алынып, жугуштуу илдеттин күн санап көбөйүп жатканын эске алуу менен санитардык нормаларды жана жеке гигиенаны сактоо керектиги жеткирилди. Милиция кызматкерлери сатуучуларды жарандар менен болгон мамиледе этият болууга чакырышты. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн