Жалал-Абад шаарынын "Эркиндик" аянтында жаңы жылдык балаты орнотула баштады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, балатынын бийиктиги 27 метрди түзөт.
"Балатыны жасалгалоо, шаар көчөлөрүн кооздоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 612 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Жаңы жылдык балаты 15-декабрда жандырылат", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн