Бугу 16, 2024
Убакыт: 03:02
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Жалал-Абадда жол кырсыктан 8 адам каза болду (видео)

04.09.2020 11:37
1234
Жалал-Абадда жол кырсыктан 8 адам каза болду (видео)


Жалал-Абад облусунда жол кырсыктан 8 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы 4-сентябрда билдирди. 


Маалыматка караганда, жол кырсык 4-сентябрда  саат 09:00 чамасында Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын Тагай тилкесинде катталган. “Ауди А6” үлгүсүндөгү унаа менен “ХОВО” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы сүзүшкөн.


Кырсыктын кесепетинен 8 адам каза болгон, 6 эркек, 2 аял (аты-жөндөрү такталууда).


Жерине Тогуз-Торо райондук №46 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн