Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин агасы Каныбек Ташиевдин атын Пушкин көчөсүнө эмес башка көчөгө ыйгарууну сунуштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Бул сунушка жергиликтүү кеңештин депутаттары да макул болушту. Анткени Пушкин көчөсүнүн атын өзгөртүү көп чыгым алып келерин эске алышкан.
Каныбек Ташиевдин аты азырынча аталышы жок турган көчөгө ыйгарылмай болду.
Пикирлер (1)