Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 01:56
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Жалал-Абаддын милициясы элди жөнү жок көчөдө жүрбөй, үйдө болууга үндөдү (сүрөт)

19.06.2020 11:13
991
Жалал-Абаддын милициясы элди жөнү жок көчөдө жүрбөй, үйдө болууга үндөдү  (сүрөт)


Өлкөдө коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны көбөйүп бара жаткандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунда милиция тарабынан түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, ОИИБдин жана шаардык, райондук ИИБдери тарабынан атайын иш пландар иштелип чыгып, анын алкагында оорунун жайылышын болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. 


Милиция кызматкерлери шаар борборлорундагы базарларда, дүкөндөрдө, такси кызматтарында жана эс алуу жайларында оорунун тарап кетүүсүнө каршы жумуштарды аткарып жатышат. Элге санитардык нормаларды жана жеке гигиеналык эрежелерди сактоо керектиги эскертилип, адам көп чогулган жерлерден алыс болууга чакырышууда. Медициналык каражаттарды колдонуп, ар дайым белгиленген аралыкты сактоо зарылдыгы жеткирилүүдө.  Ошондой эле жөнү жок көчөдө жүрбөй, муктаждык жаралбаса үйдө болууга үндөшүүдө. 


Мындан сырткары медициналык каражаттарды туура колдонуу, атайын костюмдарды кийип-чечүү ыкмалары Токтогул РИИБдин өздүк курамына, тактап айтканда санитардык-карантиндик постко туруучу кызматкерлерге кайталоо жолу менен көрсөтүлдү. 


РИИБдин имараты кайрадан дезинфекциядан өткөрүлүп, иш бөлмөлөргө, короолорго, текшерип өткөрүүчү жана убактылуу кармоочу жайларга өздүк коопсуздукту сактоо боюнча плакаттар илинди. Ошондой эле Токтогул РИИБ жана тиешелүү кызматтар тарабынан Чычкан постунда Бишкек—Ош автожолундагы жүргүнчүлөргө түшүндүрүү, дезинфекция жана көзөмөл иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн