Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жалал-Абаддын милициясы элге жайкы эс алуудагы коопсуздук эрежелерин түшүндүрдү

17.06.2020 18:25
1157
Жалал-Абаддын милициясы элге жайкы эс алуудагы коопсуздук эрежелерин түшүндүрдү


Бүгүн, 17-июнда Жалал-Абад ОИИБдин шаардык жана райондук ИИБдери тарабынан "Бирдиктүү алдын алуу" күнү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүлдү. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери айылдарды аралап, бир топ түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. 


"Иш-чаранын жүрүшүндө паспорт эрежелери, автоунаалар, аңчылык сүйүүчүлөрдүн курал-жарак сактоо боюнча эрежелери текшерүүгө алынды. Ошондой эле жайкы эс алууларга байланыштуу маалыматтар жеткирилип, милиция кызматкерлери жарандарды табигый кырсыктардан алыс болууга чакырышты. Жаш өспүрүмдөрдү аптаптуу күндөрү көзөмөлгө алып, алардын кооптуу аймактарда сууга түшүүсүнө жол бербөө керектиги эскертилди. Көп кабаттуу турак-жайлардын жашоочуларына балдарды үйдө жалгыз калтырууга болбой тургандыгы жеткирилип, терезеге жакын алып келбөө зарылдыгы айтылды", - деп айтылат маалыматта. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн