Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:36
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жалал-Абаддын вице-мэри тез татымдан уулангандардан кабар алды

01.07.2022 14:50
489
Жалал-Абаддын вице-мэри тез татымдан уулангандардан кабар алды


Жалал-Абад шаарындагы "Ага-ини" тез татым жайынан уулангандардын саны 40ка жеткен.

Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришкендей, бүгүн, 1-июлда шаардын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткан бейтаптардын абалынан кабар алды.

Дарыгерлер бейтаптардын абалы канааттандыралык экенин билдирген.

Эске салсак, “Ага-ини” тез татым жайынан 28 адам тамак-ашка ууланып, ооруканага жаткырылган. Дагы 12 адам амбулатордук дарыланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн