Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 19:37
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жалал-Абадга тажыяга барган адам коронавирустан каза болду

17.06.2020 10:22
1039
Жалал-Абадга тажыяга барган адам коронавирустан каза болду


Жалал-Абад облусуна тажыяга барган адам коронавирустан каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 17-июндагы брифингде билдирди.

 

"Жалал-Абадда 1984-жылы төрөлгөн бейтап коронавирустан каза болду. Бул жигит Бишкектен 11-июнда тажыяга барып, ошол жерден оорунун белгилери пайда болгон. 12-июндан баштап ооруканга жаткырылган жана күндөн-күнгө абалы оорлоп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал Бишкекте жүргөндө оорунун белгилери болгондо, өзүн-өзү дарылап, антибиотик алган жана Жалал-Абадга келгенде оору күчөп кетип, бейтапканага кайрылган. Анда эки тараптуу пневмония болгон, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошконго карабай тилекке каршы коронавирустан каза болуп калды”, - деди Үсөнбаев.


Муну менен коронавирустан каза болгондордун саны 30 адамга жетти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн