Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

“Жалалабатэлектро” ААК техникалык шарттарга байланыштуу рейд жүргүздү

17.12.2020 11:27
819
“Жалалабатэлектро” ААК техникалык шарттарга байланыштуу рейд жүргүздү

Бүгүнкү күндө электр энергиясын колдонуу кескин түрдө өстү. 1-декабрдан 15-декабрга чейин Жалал-Абад областына 110 млн 799  274 кВт.саат лимит берилген болсо, керектөө 116 млн 470 500 кВт.саат колдонулуп, 5 млн 671 226 кВт.саат ашыкча пайдаланылды. Бул тууралуу "Жалалабатэлектро" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы кабарлады.


Мындан улам, күн сайын «Жалалабатэлектро» ачык акционердик коомунун кызматкерлери тарабынан техникалык шарттарда жана келишимде көрсөтүлгөн пайдалануу тартибин сактоону көзөмөлдө үчүн, кечки 18:00дөн баштап рейд жүрүп жатат.  

Бүгүнкү күнгө чейин 1412 абонент текшерилип, айрымдарына келишимде көрсөтүлгөн шарттарды бузбоого эскертүүлөр берилди. 

Техникалык шарттардын негизинде ар бир керектөөчү менен келишим түзүлүп, колдонуу тартиби көрсөтүлгөн.  Келишимде, кечки 18:00дөн 21:00 гө,  эрте менен 08:00дөн 09:00 гө чейин, электр жабдууларга жана тарамдарга кошумча күч келүүчү сааттарда, электр энергиясын жылытуу максатында колдонууга чектөө киргизүү жагы ар бир керектөөчүгө милдеттендирилген.

“Жалалабатэлектро” ачык акционердик коому жалып абоненттерди үзгүлтүксүз, сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн,  абоненттерден техникалык шарттарда жана келишимде көрсөтүлгөн пайдалануу тартибин сактоого ошондой эле электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырат.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн