Кургатып талкаланган 2 аш кашыкты 0,5 кг балга аралаштырып, күнүнө 1 чай кашыктан 3 маалдан 2 ай ичсе, жүрөк, бөйрөк, боор, өт оорууларына дары.
Ушул эле өлчөмдө бал ордуна сары майга аралаштырып колдонсо, күчөгөн жөтөлдү токтотуп, дем алуу жолдорун тазалайт.
Терчил адам жалбыздын жалбырагын ысык сууга демдеп, жатаар алдында жарым стакандан ичсе, ал эми шыбоосу барлар ушул суу менен күнүнө 3 маал бутун жууп жүрсө, бул илдеттен арылышат.
Полиартрит менен ооруган адам кургатылган жалбыракты сууга кайнатып, күнүгө жатар алдында бир жолу ванна жасап, бууланып жүрсө, сыркоосунан сакаят.
Жалбыздын тунмасы эрте ичтин көбүшүнө, геморройдун сезгенүүсү, этти тилип кеткен жаракатка, ириңи чыккан котурга да пайдасы чоң.
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн