Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 07:39
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Жалган маалымат тараткандар жазаланат

12.02.2020 16:49
688
Жалган маалымат тараткандар жазаланат


Эми жалган маалымат тараткан жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.


Министрликтен маалымдагандай, акыркы убакта WhatsApp мессенжеринде, социалдык тармактар аркылуу чындыкка дал келбеген маалыматты жайылткан учурлар көп кездешүүдө. Ошондуктан ИИМ мындай иш-аракет жасагандар КР Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык  жоопко тартыларын эскертет.


"Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана интернет аркылуу  жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. Андай фактылар боюнча ички иштер органдарына 102 кызматы аркылуу маалымат берүүнү өтүнөт", - деп билдиришти министрликтен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн