Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 21:05
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартылат

12.03.2020 09:24
928
Жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартылат


Акыркы убактарда WhatsApp мессенджеринде жана башка социалдык тармактар аркылуу жалган маалыматтарды жайылткан учурлар көп кездешүүдө. Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинен билдиришти.


Министрлик жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырды. 


Ошондой эле, ИИМ мындай фактылар болсо ички иштер органдарына 102 кызматы аркылуу маалымдап койсо болоорун айтты.


"Жалган маалымат тараткандар Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат", - деп эскертти ИИМ.


ИИМ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпой турганын маалымдайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн