Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жалган маалымат таркаткан 52 жаштагы киши кармалды

24.03.2020 16:49
815
Жалган маалымат таркаткан 52 жаштагы киши кармалды


23-март күнү ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында 52 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Нарын областынын Кочкор районунун Теңдик айылынын тургуну Т.И. социалдык тармактар аркылуу коронавирус боюнча жалган маалыматтарды тараткан.


Маалым болгондой, ал текшербестен, жалган маалыматка ишенип, аны тараткандыгын мойнуна алып, жалпы элден кечирим сурады.


Анын ишине юридикалык жактан баа берилет.


Эскерте кетсек, жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн