Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жалган маалымат таркаткандар токтой элек. Аларды кандай жаза күтөт?

23.03.2020 13:42
624
Жалган маалымат таркаткандар токтой элек. Аларды кандай жаза күтөт?


Коронавирус илдетине байланыштуу социалдык тармактар аркылуу жалган маалымат таркаткандар мыйзам түрүндө чаралар көрүлөт. Ал эми, тийиштүү маалыматтар ыкчам кызмат аркылуу кабарланып турат. “Медиа центр” мультимедиялык-маалымат агенттиги жарандарды такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырат.


Соңку жалган маалыматтардын биринде вакцина тууралуу элди дүрбөлөңгө салган билдирүү тараган.

 

“Биринчи күндөн баштап үйлөрдү кыдырып вакцина саят экен. Өзүңөр да балдарыңарга да таптакыр сайдырбагыла. Биз жактагылардын баары баш тартты. Себеби үч айда же алты айда ошол ваксинаны алган адам сөзсүз түрдө өлөт экен. Ошону таптакыр албагыла, тууган уруктарга жеткирип койгула. Кытайлар жөнөтүптүр биз дарысын таптык деп, Кытай кыргыздарды кырып дүйнө жүзүндөгү элдерди кырып жок кылыш керек экен”, - деп айтылган аудио азыр вотсап аркылуу эл арасында тарап жатыптыр. 


Бул маалыматты азыр расмий органдар четке кагып, элди калп маалыматтардан алыс болууга чакырат.  


Мындай ырасталбаган маалыматтарды таркаткан адамдарга карата катуу чаралар көрүлөөрүн Ички иштер министрлиги эскертет.


Мыйзамды бузгандарга жазык кодексинин 344-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн