Кыргызстан өндүрүшү, экономикасы жагынан аркада калган өлкө. Тээ союз маалында иштеп турган өндүрүштөрдүн баары «темир саткычтардын» айынан талкаланган. Дүйнөнү таң калтыра турган, бизди туураганга аракет жасай турган саамалыктарды да жасай албайбыз. «Кыргызстандын брэнди» деп атап, чет мамлекеттердин алдында сыймыктана турган эч бир ишибиз жок.
Бирок, башкаларды туураганга келгенде кыйынбыз. Ашыгы менен туурайбыз. Болгондо да жалаң тескери жактарын батыраак өздөштүрүп алабыз. Адам эркиндиги, сөз эркиндиги деген лозунгдарды көтөрүп чапкылап жүрүп, элибиздин асыл баалуулуктарынын баарын талкалап баратабыз. Улууга урмат кылганды, кичүүгө ызаат көрсөткөндү унуттук. Сексуалдык карым-катыш тууралуу ачык сүйлөштүн өзү бир убакта уят иш эле, азыр бир жыныстагы сексуалдык карым-катыштарды пропагандалоо кадимкидей көрүнүш болуп калды.
Булардын баарынын үстүнө кошумча жалган маалымат таратуу аркылуу «ырахатка» баткандардын тобу пайда болду. Андай жалган маалыматтарды соттук териштирүүлөр менен тактоо аракеттери башталса эле, «сөз эркиндиги кысымга кабылды» деп догурунганды да адатка айланттык. Айтор, сөз эркиндигине таянуу менен каалагандай жалган, калп маалыматтарды тарката берсе болот деген аныктама жасап алгандай болдук. Бул аныктама менен иштесек, анда жалган маалыматтын кордугун, азабын көрүп калгандардын укугу кандай болот деген суроону ойлонгон жокпуз.
Жалган маалыматтарды таркатууга интернет айдыңындагы социалдык түйүндөр кеңири мүмкүнчүлүк түзүп берди. Мисалы, жакында эле соцтүйүндөрдө «Пенсионерлердин пенсиясы 2 эсеге көтөрүлдү, минималдуу пенсия 9 миң сом болот» деген маалыматтар таркатылган. Бирок, көп узабай эле ал жалган экендиги ачыкталды. Бюджет өзү ансыз да какшып турган чакта пенсиянын көлөмүн эки эсе көтөрүп жиберүү оңой нерсеби? Азыркы тапта ошол пенсиянын өзүн өз убагында кечиктирбей берип туруу башкы маселе болуп турбайбы.
Мындан тышкары «Садыр Жапаров Dickens Madson Canada фирмасынын кызыкчылыгын коргоо үчүн 1 миллион долларлык макулдашууга жетишиптир» деген маалымат тараган. Муну айрым аттуу-баштуу эле маалымат сайттары да жазып чыкты. Бул боюнча С. Жапаров маалымат жыйынында кеңири түшүндүрүп берди. Көрсө, ал аталган компаниянын кызыкчылыгын жеке коргоосуна албаптыр. Жөн гана алардын сунушун карап көрүүнү буюрган экен.
5-6-октябрдагы ызы-чуулуу митингдерден кийин «Ош шаарында Асылбек Жээнбековду митингчилер сабап салды» деген видео таркатылган. Анда башына калпак кийген бир кишини митингчилерден калкалап беш-алты бала алып кетип жатканын көргөнбүз. Бирок, ал адамдын жүзү көрүнгөн эмес. Көрсө, ал Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов экен.
Анан дагы «Баланча депутаттын үйү ушул экен» деп заңгыраган хансарайлардын сүрөттөрүн чыгаруу да өнөкөткө айланды. Такташтыра келгенде эле ал сүрөттөгү үй аталган депутатка тиешеси жок болуп чыгат. Айтор, жалган маалыматтар социалдык түйүндөрдү кара таандай эле каптап кетти. Андай маалыматтарга ишенип алып, ар кайсыл жерде сөз кылып жүргөн мекендештерибиз да арбын. Натыйжада жөн эле жүрүп элге жек көрүнүп калгандар бар.
Жалган маалыматтар ансыз да башы маң болуп турган элдин башын ого беш бетер шишитип, өлкөнүн эртеңки келечегине болгон ишенимдин отун өчүрүп салууда. Эгерде ушундай калыбыбыздан жазбай кете берсек, анда жакынкы жылдары бири-бирибизге болгон ишеним толугу менен өчөт. Эл бийликке, бийлик элге таптакыр ишеним артпай калат. Бири-бирибиздин артыбыздан жалган ушак таратуу менен алпуруша берип, өндүрүштү, маданиятты, билим берүүнү, саламаттыкты сактоону, деги эле өнүгүү жолун таптакыр унутта калтырабыз. Натыйжасында мамлекеттүүлүктү жоготушубуз мүмкүн. Ошондо биз жалган маалыматтарды таркатуу аркылуу өзүбүзгө өзүбүз ор казып жатканыбызды качан түшүнөбүз?
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (1)