Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 08:01
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Жалгандын дагы чеги болуш керек! Бакыт Төрөбаев айыл чарбасына бөлүнгөн 10 млрд сом боюнча пикирин билдирди

21.04.2022 10:08
437
Жалгандын дагы чеги болуш керек! Бакыт Төрөбаев айыл чарбасына бөлүнгөн 10 млрд сом боюнча пикирин билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев айыл чарбасына бөлүнгөн 10 млрд сом боюнча пикирин билдирди.



Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева айыл чарбасына тагыраак айтканда, азык-түлүк тармагына бөлүнгөн 10 миллиард сом дыйкандарга жетпей депутат жана чиновниктерге кетип жатканын айтып чыккан. 


Анын маалыматында депутат Эмил Токтошев, Медербек Саккараев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, мурдагы депутат Самат Ибраев жана башка чиновниктердин компаниялары арзандатылган кредитти алып жатканы айтылат.


Ал эми Бакыт Төрөбаев бул негизсиз айыптоо экенин билдирди.



"Биз тууралуу такталбаган маалыматты таратып, коомчулуктун көңүлүн туура эмес жакка буруп, азык - түлүк кластерине бөлүнгөн жеңилдетилген насыянын акчасы келбей туруп, "аны бөлүп алды" деген сөз жалган! Кудайга дагы жакпаган иш!


Бул насыя алынган эмес, алынбайт дагы! 


Өндүрүштө иштеп жүргөн мезгилде, депутат кезимде азык - түлүк коопсуздугу багытында көптөгөн иштерди жасадык. 

Мына, үч жума мурда эле негизги азык - түлүккө баалар өсүп, эл арасында тынчсыздануу жаралганда мамлекет, элге жардам берүү максатында ушул "Дан Юг", "Мариям Ош" заводдору бааларды турукташтырууга өз салымын кошушту. 


Бүгүнкү күндө деле азык - түлүк коопсуздугун камсыздоо багытында биз бүт күч - аракетибизди жасап, иштеп жатабыз",- деди Төрөбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн