Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 00:31
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Жалгыз эмес экенимди сездим. Курманбек Бакиев кыргыз элине ыраазычылык билдирди

19.01.2023 10:03
276
Жалгыз эмес экенимди сездим. Курманбек Бакиев кыргыз элине ыраазычылык билдирди

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев жубайынын көз жумганына байланыштуу көңүл айткандарга ыраазычылык билдирди. Мурдагы президент социалдык тармактагы баракчасы аркылуу оор мезгилде аны колдоп, жылуу сөздөрүн айткан жарандарга рахмат айтты.


"Урматтуу мекендештерим, оор күнүмдө кайрат айтып колдоп турган кыргыз элим, дүйнөнүн ар тарабынан мага чалып, соц.тармактардан жазып көңүл айтып жаткан боордошторум! Эң оболу мен сиздерге чын дилимден ыраазычылык билдирип, рахматымды айтамын. 

Башыма кара туман каптап, үй бүлөм менен аза тутуп калган чакта, бизди колдоп, сүйөп-таяп, ар кандай кайрат сөздөрүңөрдү айтып, жазып жатасыздар. 

Бул нерсе биз үчүн баардык байлык, бийликтен да жогору турат. 

Сыртта жүрүп жалгыз эмес экенимди, жанымда мен жакшы көргөн элим бар экенин туюп, сезип жаттым. 

Дагы бир жолу баарыңыздарга ыраазычылык билдирем",- деп айтылат Бакиевдин билдирүүсүндө.



Эскерте кетсек, Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшова оорудан улам Минск шаарында 15-январда каза болгон. Анын сөөгү 17-январда Бишкекке алынып келген.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн