Бугу 03, 2024
Убакыт: 16:18
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Жалил Атамбаев Кара-Суу районунда айылдын ортосунда мал бакканына эл нааразы (видео)

01.02.2023 08:55
1115
Жалил Атамбаев Кара-Суу районунда айылдын ортосунда мал бакканына эл нааразы (видео)

Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын Осмон айылынын тургундары айылдын ортосундагы сарайда мал баккан Жалил Атамбаевге нааразы.


Жергиликтүү тургундардын айтымында, Осмон айылынын ортосундагы мал сарай 5 гектар жери менен менчиктештирилип кеткен.

Тургундар ал жердеги сарайдын ээси милициянын мурдагы кызматкери Жалил Атамбаевге таандык экенин айтышып, сарайды айылдын ортосунан көчүрүп кетүүнү талап кылышкан.


"Малдын калдыктары, тезектери баары жыттанып, суу менен агып чыгат. Айрыкча жазында сасып, айылда жашоого мүмкүн болбой калат. Андан көрө ушул жерди элге жер тилкеси катары өткөрүп берсин. Мал сарайын каалаган жерине салып алсын",- дейт жергиликтүүлөрдүн бири.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
гульвара Баймуратова
Сатып алса озунун менчик да кааласа эмне кылат ээси озу билет туура жерди билуу керек