ИИМдин мурдагы кызматкери Жалил Атамбаев мамлекетке дагы 50 миллион сом төктү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз баюуга айыпталып жаткан Атамбаев УКМК тарабынан 3-мартта кармалган. Ал дароо эле тергөө менен кызматташууга макул болуп, мамлекетке келтирилген зыяны үчүн 100 миллион сом төлөмөй болгон.
Ал 50 миллион сом төлөп үй камагына чыккан.
Бүгүн Атамбаев мамлекетке которо турган жалпы суммасы 100 миллион сомду түзгөн зыянын толуктады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн