Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 18-июндагы брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаарында – 5;
Чүй облусунда – 2;
Ош шаарында – 4;
Нарын облусунда – 2;
Жалал-Абад облусунда – 1.
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 6 медкызматкер айыгып чыгарылган.
Инфекциядан сакайган медиктердин жалпы саны 373кө жетти.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин
арасында – 509 учур катталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн