Бугу 16, 2024
Убакыт: 16:57
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Жалпы баасы 800 миң сомдон ашык контрабандалык жүк аныкталды

08.04.2021 12:47
746
Жалпы баасы 800 миң сомдон ашык контрабандалык жүк аныкталды

Мамлекеттик бажы кызматкерлери аткезчилик жол менен ташылып келген жалпы суммасы 800 миң сомдон ашуун товарды кармашты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Алга айылында VOLVO PH12 үлгүсүндөгү автотранспорт токтотулуп, текшерүүгө алынган.


Жогорудагы транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда ЕАЭБдин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан картон коробкаларга салынган керамика плиткалар (кафель) жана “EOCENE” үлгүсүндөгү макарон даярдоочу жабдык табылган. Кармалган товардын жалпы наркы 846 миң 662 сомду түзөт.


Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөө үчүн тиешелүү мекемеге жөнөтүлдү.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн