Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 08:49
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Жалпы канча жаран коронавируска каршы эмдөөдөн өттү? Адистин жообу

25.04.2021 00:03
2785
Жалпы канча жаран коронавируска каршы эмдөөдөн өттү? Адистин жообу


Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башкы адиси менен маек.


- Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жана жалпы даярдык кандай болууда?


- 2021-жылдын үч айында республикада ковид-19дун 7120 учуру катталды. Эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жүргүзүүнүн негизинде, оорунун жогорку көрсөткүчтөрү Бишкек шаарында бир суткада 117 учур жана Чүй облусунда 82 учур байкалууда. Оорунун алдын алуу боюнча лабораториялык диагностиканын жүргүзүүсү күчөтүлүп, бүгүнкү күндө 16 лаборатория иштеп жатат. Анын 12си мамлекеттики. Калктын иммундук катмарын изилдөө максатында иммуно-сорбенттик анализ ыкмасын колдонуп, 4500 адамга изилдөө жүрдү. Анын натыйжасында SARSr-CoV2 вирусунун антителалары бар адамдар 30,8 пайызды түздү. Бул изилдөөлөр дагы уланууда. Ковид-19 илдетинин алдын алуу иш-чараларын күчөтүү максатында, 29-мартта вируска каршы эмдөө процесстери башталган. Учурда 12 миңден ашык адам эмдөөдөн өттү. Эпидемиологиялык кырдаалдын татаалдашын эске алуу менен министрлик тарабынан даярдануу планы түзүлдү. Анда профилактикалык иш-чаралар, эмдөөнү улантуу, санитардык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө, медициналык жардамдарды көрсөтүүнү күчөтүү, дары-дармектер менен камсыздоолор, кадрларды даярдоо иштери жүрүүдө.


- Министр уу коргошун менен да дарылоо жүрүп жатканын билдирди эле. Анын жыйынтыгына токтолсоңуз?


- Анын жыйынтыгын айтуу эртерээк. Бул ыкма менен дарылоо боюнча изилдөөлөрдүн жыйынтыгы тийиштүү адистердин катышуусу менен дагы иштелип чыкмакчы. 


- Маалыматтарга таянсак, мурда ковид менен ооругандар кайрадан ооруп калып жатышат экен. Кайталанып ооругандардын абалында кандай айырмачылыктар бар?


- Бул суроого жооп берерден мурун ковид илдетине каршы иммунитет 8 ай же андан да көпкө созулушу мүмкүн экенин окумуштуулар айтышат. Ошол эле учурда бул илдетке кабылган айрым адамдар иммунитетке ээ болбогону да белгиленет. Ушул себептен вакцинациялоо маанилүү экенин айтсак болот. 


- Ооруп түшкөндөрдүн жаш өзгөчөлүктөрүнө токтолсоңуз?


- Ковид-19 илдетине чалдыккан 30-64 жаштагылар 64 пайызды түзөт. 19,1 пайызды 65 жаштан жогоркулар, 12 пайызды 18-29 жаш аралыгындагылар түзүүдө. Ал эми 7-17 жаштагылардын арасында ооругандар 3,1 пайыз болсо, 6 жашка чейинкилер 1,8 пайызды көрсөтөт.


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн