Жалпы республикалык тестирлөөгө доументтерди кабыл алуу бүгүн,
15-майда жыйынтыкталат. Бул тууралуу 15-майдагы брифингде билим берүү жана илим
министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
"Жалпы республикалык тестирлөө бүгүн жыйынтыкталат. Учурда тесттерди кабыл алуу үчүн 180 борбор даярдалууда. Ал мекемелер дезинфекциядан өтөт. Ал эми тест тапшыруу учурунда баардык санитардык-карантиндик эрежелер сакталат. 21-июнда негизги тесттер өтөт, 22-23-июнь күндөрү кошумча тесттер өткөрүлөт. 24-июнда негизги тесттин экинчи этабы өтөт. Алардын жыйынтыгы 13-19-июль аралыгында чыгат, 20-июльдан тарта жогорку окуу жайларга кабыл алуу башталат”, - деди Жусупбекова.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн