Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:11
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Жалпы республикалык тестирлөөдөн начар жыйынтык көрсөткөн аймактар белгилүү болду (тизме)

16.02.2023 15:49
804
Жалпы республикалык тестирлөөдөн начар жыйынтык көрсөткөн аймактар белгилүү болду (тизме)

2022-жылы абитуриенттердин 40 пайызы жалпы республикалык рестирлөөнүн негизги тестинен (ЖРТ) 110 баллдан аз алышкан. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.


2022-жылы Баткен облусундагы мектептердин 52 пайыз бүтүрүүчүлөрү босого баллдан төмөн балл алышкан.


Чүй облусунда – 47%;

Жалал-Абад облусунда – 44%;

Ош облусунда – 42%;

Ысык-Көл жана Нарын облустарында – 38%;

Ош шаарында – 29%;

Талас облусунда – 27%;

Бишкек шаарында – 15%.


Акыркы үч жылда ЖРТден начар натыйжалары болгон райондордун саны тогуз райондон 15ке көбөйгөн. Алсак, Ноокен районунда ЖРТ эң төмөнкү көрсөткүчкө ээ болгон мектептердин саны 77 пайызды түзгөн.


Манас районунда – 69%,

Кемин районунда – 67%,

Майлуу-Суу шаарында – 67%,

Ысык-Ата районунда жана Кант шаарында – 60%,

Панфилов районунда – 59%,

Кара-Суу районунда – 58%,

Кочкор районунда – 56%,

Жумгал районунда – 54%,

Сокулук районунда – 52%,

Ак-Суу районунда – 52%,

Сүлүктү шаарында жана Лейлек районунда – 52%,

Базар-Коргон районунда – 51%,

Баткен шаарында жана Баткен районунда – 51%,

Аксы районунда – 50%.


2022-жылдагы предметтик тестирлөөнүн жыйынтыгын талдоо көрсөткөндөй, эң төмөнкү көрсөткүчтөр математика, физика, химия жана биология боюнча катталган. Жалпысынан математика сабагынан начар жыйынтык көрсөткөн мектептердин эң көп саны Чүй облусунда (79%) катталган.


физика боюнча – Нарын облусунда (80%),

химия жана биология боюнча – Баткен облусунда (78% жана 72%),

тарых боюнча – Ош облусунда (61%),

кыргыз тили боюнча – Чүй облусунда (30%),

орус тили боюнча – Ош облусунда (61%),

англис тилинде – Жалал-Абад облусунда (21%).

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн