Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жалпы республикалык тестирлөөгө катталуу онлайн форматта жүрүүдө

02.03.2021 11:49
575
Жалпы республикалык тестирлөөгө катталуу онлайн форматта жүрүүдө

үгүн, 2-мартта Бишкек шаарында "Жалпы республикалык тестирлөө-2021" аталышында маалымат жыйын өтүүдө. Ага Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун жетекчиси Чынар Батракеева жана Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун аналитиги, административдик суроолор боюнча консультант Инна Валькова катышууда.


"Өлкөдө ЖОЖго тапшырууну каалаган окуучулар сөзсүз түрдө Жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүшү керек. Албетте, ЖРТнын этаптары бар.

Билим берүү жана илим министрлиги 3 жыл ичинде тендер жарыялайт. ББОУБ жеңип алганбыз.

Быйыл каттоо онлайн түрдө кабыл алынат. Азыркы учурда каттоо жүрүүдө, каттоо 9-апрелге чейин уланат.


Керектүү документтер:

1. Паспорт (паспорт ала элек болсо туулгандыгы тууралуу күбөлүк);

3. Талапка ылайык келген электрондук сүрөт (түстүү, ачык фондо, кыйшайбай түз туруп түшүү зарыл);

4. Орто билим жөнүндө аттестат (мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү).


Талапка ылайык документтер толук же туура болбосо каттоодон өтө албай калышы мүмкүн", - деди ББОУБнун жетекчиси Чынар Батракеева.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн